Сеулда сууга түшүп кеткен пилдин баласын чоңдору чогулуп сактап калышты

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЗоопарктагы пилдин баласы. Архив
Зоопарктагы пилдин баласы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чоңдорунун ыкчам аракетинин улам пилдин баласы аман калган.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Түштүк Кореядагы Сеул шаарында жайгашкан зоопарктардын биринде пилдер сууга түшүп кеткен баласын сактап калышты. Аталган окуя зоопарктагы видеого тартылып калгандыгын ABC News жазып чыкты.

Аталган ролик Seoul Grand Park зоопаркынын Facebook баракчасына жарыяланды. Ал видеодон энесин ээрчип бара жаткан пилдин баласы бассейнге түшүп кеткенин, ошол замат ары жактагы пил дагы жардамга келип, экөөлөп кичинекей жаныбарды жээкке алып чыкканын көрүүгө болот.

Зоопарктын кызматкерлери жаныбар жабыркабагандыгын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0