Африкада бегемот керикти сууга чөктүрүп өлтүрдү. Окуянын видеосу

© Sputnik / Андрей МаксимовБегемот. Архив
Бегемот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Корукта жаныбарлар суу талаша кеткен.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Түштүк Африка Республикасындагы коруктун Кичи Кару бөксө тоосунда суу талашып бегемот керикти сууга чөктүрүп өлтүрдү. Бул тууралуу РИА Новости Daily Mail басылмасына шилтеме жасап жазып чыкты.

Окуяга күбө болгон корукчу Рейнджер Робертсондун айтымында, жаныбарлар суу талаша кеткен.

"Ал күн аябай кургакчыл болгон. Бегемот өзү түшүп жаткан сууну кериктен коргоого аракет кылган. Жыйынтыгында бегемот керикти сууга чөктүрүп өлтүрдү", — деди Робертсон.

Ал ошондой эле бегемот күн ысык кезде өзгөчө агрессивдүү боло тургандыгын кошумчалады.

Бегемот Африкадагы эң коркунучтуу жаныбарлардын бири. Жыл сайын 500гө чукул адам анын курмандыгына айланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0