Жанындагы машинага сес көрсөтөм деген айдоочу унаасын "качырып" жиберди

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМосквадага МАКД унаа жолу. Архив
Москвадага МАКД унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Jaguar унаасынын айдоочусу катарлаш бара жаткан Mitsubishi унаасын жолдун четине сүрүп чыгарууга аракет кылган

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Россиянын борборундагы Москва айланма жолунда бара жаткан айдоочу унаасынан түшүп келип каршылашына сес көрсөтөм деп өзүнүн машинасын "качырып" жиберди. Бул тууралуу РИА Новости "360" телеканалына шилтеме берүү менен жазды.

Өткөн жекшемби күнү Jaguar унаасынын айдоочусу катарлаш бара жаткан Mitsubishi унаасын жолдун четине сүрүп чыгарууга аракет кылган.

Видеодо көрүнгөндөй Jaguar унаасынын айдоочусу каршылашынын алдын тороп жолдун ортосуна токтоткон. Ал машинасынан түшүп Mitsubishi жакка карай басып келе жатканда өзүнүн унаасы жүрүп кеткен. Унаасына алаксып калганда Mitsubishi машинасынын айдоочусу жайбаракат сапарын улантып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0