Лондондогу парад учурунда беш гвардиячы эси ооп жыгылды. Окуянын ирмемдери

© REUTERS PETER NICHOLLSУлуу британиянын гвардиячылары Лондондо парад учурунда
Улуу британиянын гвардиячылары Лондондо парад учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүн табы 25 градуска чейин көтөрүлүп турган маалда жоокерлер жүндөн жасалган баш кийим кийип турушкан.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Лондондо парад учурунда беш гвардиячы эси ооп жыгылганын Sky News басылмасы жазып чыкты.

Салттуу иш-чара Елизавета II ханышанын туулган күнүнө карата уюштурулган.

Ал күнү абанын температурасы 25 градустан жогору болуп, жоокерлер жүндөн жасалган калың баш кийимдерди кийип турушкан.

"Күн абдан ысык болду, эси ооп жыгылгандардын баарын ал жерден чыгарып кетишти. Суу берип, медициналык жардам көрсөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Press Association агенттиги жыгылып бара жаткан жоокердин видеосун жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0