Окумуштуулар XXI кылымдын "супер куралы" эмне болоорун айтты

© AFP / GERARD JULIENВыставка робототехники в Мадриде
Выставка робототехники в Мадриде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франциялык футуролог мындай "супер куралдын" пайда болушу менен аны байкоо, жада калса алдын ала билүү мүмкүн болбой тургандыгын айткан.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. XXI кылымдын негизги куралы атом же термо өзөктүк бомбалар эмес, дүйнөнүн улуу державалары даярдап жаткан өзүн-өзү окуткан жасалма интеллект системасы болот. Бул тууралуу РИА Новости франциалык футуролог Жан-Кристоф Бониге шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Нельсон Мандела 1995-жылы XX кылымдагы өзөктүк куралдарды басып өтүп, XXI кылымдын негизги куралы билим болот деп жазган. Менин оюмча чындыгында негизги курал жасалма интеллект системасы болору бышык. Анткени ага атомдук бомбадагыдай уран, завод куруу сыяктуу көп эмгекти талап кылган каражаттар керек эмес. Аны түзүүгө болгону кремний жана электр энергиясы гана жетиштүү", — деди франциялык окумуштуу.

Өзөктүк куралдарды Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик жана башка өзөктүк ведомстволор уран, плутоний же радионуклиддер аркылуу издей алышары белгилүү. Ал эми жасалма интелект системасы иштелип чыкса, ага сырттан чоочун адамдар байкоо жүргүзө албайт, жада калса алдын ала билүүгө мүмкүн болбой тургандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0