23 жолку чемпион, суучул Фелпс акула менен жарышка чыгууга камынып жатат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүОлимпиада 2016. Плавание. Второй день
Олимпиада 2016. Плавание. Второй день - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам менен жырткычтын мелдешин 23-июлда өткөрүү пландалууда

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын 23 жолку жеңүүчүсү, сууда сүзүүчү америкалык Майкл Фелпс акула жарышмакчы. Бул тууралуу РИА Новости Vice Sports басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Белая акула вблизи залива Фальш - Sputnik Кыргызстан
Акула менен кармашкан куткаруучунун жамбашы жулунуп, жырткычтын тишине кетти
Маалыматка караганда, мелдешти 23-июлда өткөрүү пландалууда. Азырынча уюштуруучу Discovery телеканалы жарыш кайсы жерде өтөрүнт так айта элек.

Басылма билдиргендей, акула саатына 40 чакырымга чейин жүрө алат. Ал эми ушул эле убакытта америкалык спортчу 10 чакырымга чейин сүзүүгө жөндөмдү. Анткен менен адам менен жырткычтын мелдеши кандай форматта өтөрүү азырынча маалым боло элек.

Майкл Фелпс Рио-де-Жанейродо өткөн олимпиада оюндарынан кийин спорттогу карьерасын жыйынтыктап, олимпиада тарыхындагы эң титулдуу суучул аталып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0