БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Франциянын Бордо шаарында ресторандын кожоюну кассага кол салып жаткан ууруну ажатканага камап алып полициянын келишин күткөн. Бул тууралуу РИА Новости Sud Ouest басылмасына шилтеме берүү жазып чыкты.
Аталаган окуя узаган ишемби күнү болгон. Басылманын билдиргенине караганда ресторан ээси эртең менен келгенден кийин эшигин ачык бойдон калтырып дүкөнгө кетип калган. Ал кайра келгенде уурунун кассага кол салууга аракет жасап, үстү жакта турган бир кутуча тамекини алып жатканын көргөн. Алаңдап калган кишини ресторатор ажатканага камап салып полициянын келишин күтүп турган.
Кийинчерээк каракчынын үй жайы жок 36 жаштагы селсаяк экени аныкталган. Эми ал мыйзам чегинде жоопко тартылат.