Бельгияда жети айлык ымыркай өсүмдүктөн жасалган сүттөн чарчап калды

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баласына өсүмдүк сүтүн бергени үчүн ата-энеси алты айга эркинен ажыратылды.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бельгиянын Дендермонде шаарынын соту чүрпөсүнө өсүмдүктөн жасалган сүт берип, баласын чарчатып алган ата-энени алты айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ымыркай жети айлык болчу.

"Соттолгондордун өздөрүнүн био тамак-аш саткан дүкөнү болгон. Апасынын эмчегиндеги сүтү түгөнгөндө баласына ымыркайлар үчүн даярдалган жасалма сүт беришкен. Бирок чүрпөсү аны да ичпей коюп, айласы кеткен ата-эне өсүмдүк сүтүн берүүгө аргасыз болушкан", — деп жазылат маалыматта.

Сүт ичээри менен ымыркайдын абалы кескин начарлап, ата-энеси ооруканага алып жөнөйт. Тилекке каршы 6 килограмм салмактагы бала ооруканага жетпей чарчап калган.

Өсүмдүк сүтү ар түрдүү жаңгак, соя, мак сыяктуу өсүмдүктөрдөн жасалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0