Атактуу актер Алексей Баталов дүйнө салды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүСССРдин Эл артисти Алексей Баталовдун архивдик сүрөтү
СССРдин Эл артисти Алексей Баталовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баталовду миллиондогон көрүүчүлөр Владимир Меньшовдун "Москва слезам не верит" тасмасындагы Гоша аттуу каармандан улам тааныган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. СССРдин Эл артисти Алексей Баталов 89 жашында дүйнө салды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Буга чейин актердун жубайы РИА Новостиге Баталов бутун эки жеринен сындырып алып, эки ай ооруканада жаткандыгын айткан эле. Бир нече убакыттан кийин аны реабилитация борборуна которушкан.

"Кинонун мыкты адамдары кетип жатат. Бул биздин кино өнөрү үчүн чоң жоготуу. Бул актердун бир да ролу жаман чыгып калган эмес", — деген пикирин РИА Новостиге кинорежиссер, Мамдума депутаты Владимир Бортко айтты.

Баталов театр ишмеринин үй-бүлөсүндө 1928-жылы туулган. Туңгуч ролун 1944-жылы ойногон. Актер 40тан ашык кинотасмаларга тартылган. Аны миллиондогон көрүүчүлөр Владимир Меньшовдун "Москва слезам не верит" тасмасындагы Гоша аттуу каармандан улам тааныган.

2008-жылы Баталовдун ысымы Бугульминскидеги мамлекеттик орус драма театрына ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0