Мотоцикл айдоочусу жок эле бир нече чакырымды басып өттү

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүМотопарад Harley-Davidson в Санкт-Петербурге
Мотопарад Harley-Davidson в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочусу жок бойдон бир нече чакырымга кетип калган мотоциклди Кайгуул кызматы гана токтото алды.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Францияда жол кыймылы боюнча таң калыштуу окуя катталды. Айдоочусун "жоготуп алган" мотоцикл күү менен бир нече чакырым өзү жүрүп кете бергени тууралуу Le Parisien гезити жазды. 

Маалыматка караганда, окуя Мезон-Альфор шаарына жакын жерде болгон.  Мотоциклчен адам унаа менен кагышып алгандан кийин рулду башкара калбай, ооп түшүп калган. Ал эми күү менен жүрүп кете берген  мотоциклди бир канча чакырымдан кийин Кайгуул кызматы токтотту.

Айдоочусу жок  жүрүп  бара жаткан мотоциклди көргөндөр таң калуу менен карап, видеого да тартып алганга жетишкен. Интернет колдонуучулар көргөн көзүнө көпкө чейин ишене албай, ызы-чуу болуп, ал тургай чоң талкуу да жаралып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0