Белоруссияда жыл башынан бери сегиз согушкер кармалды

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүАнтитеррористические учения спецназа КГБ Белоруссии
Антитеррористические учения спецназа КГБ Белоруссии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр 17 киши кармалса, мурдагы жылы 21 киши террордук аракеттерге тиешеси бар деп колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Белоруссиянын мамлекеттик коопсуздук комитети 2017-жылы террордук аракеттерге тиешеси бар делген сегиз кишини кармады. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттиги комитеттин төрагасы Валерий Вакульчикке таянуу менен жазып чыкты.

"Быйыл сегиз киши кармалса, былтыр 17 киши колго түшкөн. Ал эми 2015-жылы 21 киши кармалган", — деди Вакульчик.

Анын айтымында, кармалгандар Сириядагы согуштарда жүрүп, террордук жана экстремисттик аракеттерге катышкан делип эл аралык издөөгө алынган.

Вакульчик алардын бири Германиядан келгенде кармалганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0