Ирандын чөлүндө ниндзя аялдар даярдалууда

© AFP / ATTA KENAREОбручение иранских женщин боевому искусству ниндзя
Обручение иранских женщин боевому искусству ниндзя - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ниндзяларды даярдаган атайын мектеп кыз-келиндер арасында аябай популярдуу.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Тегерандан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан чөлдө Ирандын бийлиги ниндзя аялдарды даярдап жатат. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

​Атайын даярдыктагы аскерлердин катарындагы аялдар Иранда куноити деп аталат. Алардын баары аскер өнөрүнө үйрөнүшөт. Бул багыт учурда кыз-келиндер арасында популярдуу болууда.

 

 

Кыз-келиндер япон ниндзяларынын эски кийимдерин кийип, курал-жаракты кантип колдонуу керектигин үйрөнүшөт. Ошондой эле аларды тоскоолдуктардан ашып өтүүгө, дубалга жүгүрүп чыгууга, жашынууга жана душманга билинбей келип кол салууга окутушат.

 

 

"Бул сүрөттөр кудум кинодогудай, бирок, бул кино эмес магышып жаткан ирандык аялдар. Алар профессионал болуу үчүн болгон күчүн жумшашууда", — деп жазат аталган гезит.

 

 

Кыз-келиндерди аскер өнөрүнө даярдаган мектеп 28 жылдан бери иштеп келет жана машыккандардын саны учурда 4000 аялга жетет. Ал Түзүлгөндөн тарта 24 000ден ашык аял ага мүчө болушкан.

​Ирандагы эркектер үчүн армияда кызмат өтөө милдеттүү болуп саналат жана ал 18 айга созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0