18:22 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.8850
  • RUB1.0759
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
160011

Россия президенти АКШнын ЦРУсунан атайын кат келгендигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. АКШга террорчулар Россиядагы саясий кырдаалды чыңалтуу үчүн керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин режиссер Оливер Стоунга интервью берип жатып билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Өлкө башчынын айтымында, Чеченстан менен Түндүк Кавказда конфликтилер башталганда америкалыктар террорчуларды колдоого алган.

"Кансыз согуш артта калды. Биздин Европа, АКШ, жалпы дүйнө эли менен мамилебиз жакшы. Андыктан биз алардын колдоосунан үмүт кылганбыз. Бирок анын ордуна америкалык атайын кызматтар террорчуларды колдоп жатышат. Биздин өнөктөштөрдүн кызматташуу боюнча айткандары сөз бойдон калып, чындыгында террорчуларды Россиядагы ички саясий абалды чыңалтуу үчүн колдонууда", — деди Путин.

Ал АКШ ЦРУсунан кат келгендигин, анда ЦРУ кызматкерлери Россиядагы оппозиционерлер менен мамиле курууга укуктуу экендиги жазылгандыгын кошумчалады.

"Биз ЦРУдан кат алганбыз. Ал жакта биздин кесиптештер Россиядагы оппозиция өкүлдөрүн колдоого укугу бар экенин, мындан ары да мамилесин улантарын айтышкан. Ошондо сөз жөн гана оппозиция өкүлдөрү жөнүндө эмес, террордук уюмдар тууралуу болуп жатканы түшүнүктүү болгон. Алар террордук уюмдарды оппозиция катары көрсөтүмүш болуп жатышат", — деди президент.

Эске сала кетсек, белгилүү режиссер Оливер Стоун Россия президенти Владимир Путин тууралуу "Путин менен интервью" деген тасма тартып, фильм Россияда 12-15-июнь күндөрү тартууланмакчы.

Тема боюнча

Президент Атамбаев Путинди Россия күнү менен куттуктады
АКШнын демократтары Трампка карата териштирүү жүргүзүүнү талап кылууда
Белгилер:
террорчу, Владимир Путин, АКШ, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ