Аялы менен уруша кеткен кытайлык киши автобусту аласалдырып жиберди

© AFP / TENGKU BAHARАвтобус. Архив
Автобус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан тогуз киши жабыркап, анын экөө ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кытайда жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус айдоочудан рулду тартып алган эркек кишинин айынан кырсыкка учуруганын CGTN телеканалы билдирди. 

Маалыматка ылайык, окуя Гуандун провинциясында болгон.

Кырсык видеого түшүп калган. Анда жүргүнчүлөрдүн бири айдоочудан рулду талашып, анын ордуна отурууга аракет кылганын көрүүгө болот.  Мунун кесепетинен автобус оодарылып кеткен.

Иликтөөнүн жүрүшүндө мындай кадамга эркек кишинин аялы менен уруша кеткени себеп болгон. The Daily Mail басылмасынын маалыматы боюнча кырсыктан тогуз киши жабыркап, анын экөө ооруканага жеткирилген.

Жергиликтүү полиция кырсыкка себепкер болгон кишини камакка алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0