Аргентинада сөгүнүп ырдаган учкуч диспетчердин ишин үзгүлтүккө учуратты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКонкурс пилотирования пассажирского самолета Sukhoi Superjet 100
Конкурс пилотирования пассажирского самолета Sukhoi Superjet 100 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учкуч ырдагы унутуп калган саптардын ордуна орой сөздөрдү колдоно берген.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Аргентинанын Буэнос-Айрес аэропорту менен жакын жерде учуп жүргөн учактардын ортосундагы байланыш учкучтун "Despacito" ырын кыйкырып-өкүрүп ырдаганынан улам үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Univision басылмасына шилтеме бери РИА Новости жазды.

21-я Международная встреча воздухоплавателей - Sputnik Кыргызстан
Канадада сүйүшкөн жуптар учуп бара жаткан шар бакка урунду
Маалыматка караганда, учкуч өзүнүн кабинасындагы байланышты өчүрүүнү унутуп коюп, популярдуу ырчы Луис Фонсинин "Despacito" ырын кыйкырып ырдай берген. Мындан улам диспетчердик кызмат менен айланадагы аба кемелеринин ортосундагы байланыш бузулуп, алардын баарына учкучтун ырдаганы гана угулган.

Эң кызыгы, учкуч ырдагы унутуп калган саптардын ордуна сөгүнгөн сөздөрдү колдоно берген.

"Ал качан гана аны бир жыштыкта турган операторлор менен учкучтар угуп жатканын түшүнүп калганда ырдаганын токтотуп, баарынан кечирим сурады", — деп жазылат макалада.

Кийин Аргентинанын аба байланышы компаниясынын билдиргенине караганда, учкуч жеке менчик учактардын бирин башкарган, башкалардын ишине тоскоол болуу максаты болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0