Улуу Британияда 106 жаштагы кемпирди шайлоого киргизбей коюшту

© AFP / CHRIS J RATCLIFFE Лондондогу парламент имараты. Архив
Лондондогу парламент имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта байбичени тизмеде жоксуң деген негиз менен добуш берүүгө киргизбей койгондугу айтылат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Улуу Британия бийлиги 106 жаштагы Эми Уинифред Хокинсти парламенттик шайлоодо добуш бердирпей коюшту. Бул туурасында РИА Новости Sun басылмасына таянып кабарлады.

Маалыматта кемпирди тизмеде жоксуң деген негиз менен добуш берүүгө киргизбей койгондугу айтылат.

"Мен 1911-жылы туулгам. Дүйнөлүк эки согушту башымдан өткөрдүм, аялдардын шайлоого катышуу укугун жактап жана улгайгандардын бардыгына пенсия берилсин деп күрөшүп келдим. Шахтерлор иш таштаган канчалаган окуяларга күбө болдум. Эми бүгүн минтип добуш бере албай калдым", — деген Хокинс.

Байбиченин бала-чакасы бул окуяга кыжыры келгендигин жана ал жылдын башында эле тизмеде жүргөндүгүн билдиришти.

Британ парламентине кезексиз шайлоо кечээ, 8-июнда, өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0