Япониялыктар модель кызга акча чогултуп, турмушка чыгуусуна жардам беришти

© Фото / TAKEBE TOMOKOМодель Томоко Такебе
Модель Томоко Такебе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Томоко Такебе узун бойлуу болгондуктан турмушка чыга албай кыйналып келген. Акыры ал интернет колдонуучулардан жардам сурап кайрылган.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Япониялыктар модель кызга акча чогултуп, турмушка чыгуусуна жардам беришкенин Sputnik Япония маалымат агенттиги билдирди.

Канагавада жашаган Томоко Такебе өзүнүн теңин табуу үчүн краудфандинг ыкмасын тандап алган.

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көп аялдуулук: алы жеткени алсын, жетпегени калсын
Ал интернетке жарыялаган жарыясында жашы 26да, бою178 сантиметр экенин жазган. Томоко япон эркектери жубайы алардан узун болушун каалашпай турганын, мындан уялышарын, жазылбаган мындай мыйзам менен бийкеч жакшы тааныш экени жазган. Ал башкалардын аны шылдыңдап карап жатканын, керек болсо орой мамилеге да туш болгон.

Ал дос кыздарынын кеңеши боюнча 11 жигит менен таанышуу үчүн учурда аябай белгилүү болгон краудфандинг платформасы аркылуу акча чогултууну чечкен. Ага акча берген колдонуучулар кыздын жигиттер менен болгон жолугушуусуна көз салып, керек болсо суроо бергенге да мүмкүнчүлүк алышкан.

Томоконун мындай аракети Япониядагы интернет колдонуучулардын көңүлүн буруп, чогулган акча болжонгондон эки эсе көп чогулган. Эң башкы ийгилик — Томоко өз сүйүүсүн тапкан.

"Башында жасай турчу иштерим тууралуу ата-энеме айтсам алар мени жакшы түшүнүшкөн жок. Бирок мен бул аракетимден майнап чыгарына ишенип, өз түгөйүмдү табарымды сезгем. Болочок жарым менин аракетчилдигиме аябай таң калып, жолугушууга келгенин айтты", — деди ал.

Артып калган акчаны Томоко ага жардам берген жоро-жолдошторуна бөлүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0