Трампка мигранттарды депортациялоону Нью-Йорктун башчысынан баштоо сунушталды

© AP Photo / Mary AltafferГубернатор Нью-Йорка Эндрю Куомо
Губернатор Нью-Йорка Эндрю Куомо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин каршылаштары Трамп мыйзамсыз жүргөн 11 миллиондун тегеригендеги мигранттардын бетине көө жабууну каалап жатканын айтып келишет.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо президент Дональд Трамптын иммиграциялык саясатын сынга алганын РИА Новости жазды. 

"Сиз иммигранттарды депорт кылууну каалап жатасызбы? Анда менден баштаңыз, мен да иммигрантмын. Баарыбыз сырттан келгенбиз, анын ичинде сиз дагы барсыз", — деди Куомо штаттагы шаарлардын биринде эл алдына чыкканда.

Президент США Дональд Трамп приветствует премьер-министра Вьетнама Нгуен Сюань Фука - Sputnik Кыргызстан
Трамптын Вьетнам премьер-министринин колун мыжыга кысканы талкуу жаратты
Куомонун сынынан кийин Fox News телеканалынын айтып чыкканына караганда, Трамптын энеси АКШга Шотландиядан, атасынын үй-бүлөсү Германиядан барышкан.

Трамп өзүнүн шайлоо кампаниясында АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын курмандыгы болгон жарандар менен автивдүү байланышып, "келгиндерге" карата курч чаралар көрүлүшү керектигин айтып келген.

Ал эми президенттин каршылаштары өлкө башчы мыйзамсыз жүргөн 11 миллиондун тегеригендеги мигранттардын бетине көө жабууну каалап жатканын айтып келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0