Түндүк Корея Япониянын күлүн көккө сапырарын айтты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГорода мира. Пхеньян
Города мира. Пхеньян - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япония аралдагы өлкө экенин айтып, алардын алдында жеңилбес жана эбегейсиз ядролук держава турганда тобокелдикке барбоону эскерткен.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Түндүк Кореянын коргоону комитетинин жетекчиси АКШны бери жакка коюп, Япониянын күлүн көккө сапырабыз деген расмий билдирүү тараткан. Бул туурасында РИА Новости Түндүк Кореянын борбордук агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

"Эгер Япония коопсуздугу үчүн тынчсыздана турган болсо Түндүк Корея менен касташууну токтотуп, өз аймагынан Американын базаларын чыгарышы абзел. Эгер ушундай саясий мамилелерин уланта берсе АКШдан мурун Япония күлгө айланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ал Япония аралдагы өлкө экенин айтып, алардын алдында жеңилбес жана эбегейсиз ядролук держава турганда тобокелдикке барбоону эскерткен.

Соңку учурда Япония АКШ менен мамилелерин чыңай баштагандан кийин Түндүк Корея сес көрсөтө баштаган.

Белгилей кетсек, узаган бейшембиде Түндүк Корея бир нече кемеге каршы туруучу канаттуу ракеталарын, 29-майда өзү каршылашын тосуп чыга алган системадагы баллистикалык ракетаны сыноодон өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0