Францияда порно жылдыз парламенттик шайлоого талапкерлигин койду

© AFP / MARCEL ANTONISSE / ANPПарламентские выборы во Франции
Парламентские выборы во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Порно жылдыз жаныбарларды коргоо иштери менен алектенип, үйү жок жана жакыр жашаган адамдардын маселесин парламентте көтөрүүнү пландоодо.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Чоңдор үчүн тасмага тартылган мурдагы актриса Эстер Койман Францияда өтө турган парламенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүүдө. Бул тууралуу Sputnik Беларусcия Parisien басылмасына таянып кабарлады.

Койман 1990-жылдары Penthouse жана Playboy журналдарына чыгып, Рокко Сиффреди аттуу италиялык актер менен бирге порно тасмаларга да тартылып жүрчү. Эми ал Ивелин департаментинен "Эгемен экологиялык альянс" партиясынын атынан талапкерлигин көрсөтүүдө.

"Мен эч нерседен уялбайм. Ооба, убагында ал менин жумушум болчу, бирок жашоомдогу татаал жылдар тез эле өтүп кетти. Мени көчөдө тааныгандар болот, бирок аз санда", — деген актриса.

Койман парламентте жаныбарларды коргоо иштери менен алектенип үйү жок жана жакыр жашаган адамдардын маселелерин пландоодо. Францияда парламенттик шайлоонун биринчи туру 11-июнда башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0