Унаа жарышына катышкан айдоочу кыздын машинасы күйүп жарылып кетти

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФормула-1 унаа жарышы. Архив
Формула-1 унаа жарышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаа чачырап кетип токтогондон кийин анын ичинен айдоочу кыз жай гана чыгып көрөрмандарга кол булгалады.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. АКШнын Нью-Гэмпшир аймагында өтүп жаткан жарышка катышкан автоунаа саатына 500 чакырым менен баратып күйүп кеткенин The Star Daily басылмасы билдирди. 

Кортни Форс аттуу айым дрэг-рейсинг боюнча мелдешке катышкан. Ал айдап бараткан машина ордунан бир аз жылгандан кийин күйүп жарылып кеткен. Чачырап кеткен автоунаа тосмону сүзүп токтогон. Анын ичиндеги айдоочу кыз жайбаракат чыгып көрөрмандарга кол булгалады.

Форс болгон окуяга капаланбастан кийинки күнкү жарышка катышып, жеңишке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0