АКШда баңгизат саткан адам Facebook баракчасынын түз эфиринен кармалды

© REUTERS / Dado Ruvic / File PhotoFacebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив
Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизат саткан адамдын түз эфири кийин YouTube каналына жарыяланып, аны 1,6 миллион адам көргөн.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. АКШнын полиция кызматкерлери баңгизат сатуу менен алектенген адам үйүндө Facebook баракчасынын түз эфирине чыгып, кылмыш жолу менен тапкан акчаларын көрсөтүп мактанып жатканда кирип келди. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазып чыкты.


Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Кытайда түз эфирде сүйлөп жаткан алып баруучуга чагылган тийди
Кызыктуу окуя Американын Флорида штатынын Джексонвилль шаарында болгон. Анда полиция кызматкерлери 22 жаштагы Брион Холлингсти колго түшүрүү максатында атайын операция жүргүзүшкөн. Мындан сырткары, ал балдарга кордук көрсөтүп, башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирди деп да айыпталып келген.

Болуп өткөн окуя кийинчерээк социалдык тармактарга тарап кеткен. Видеодо көрүнүп тургандай алгач Холлингс колу толо акчаны камерага көрсөтүп мактанып жаткан болот. Бир убакта анын өңү кубарып бөлмөдөн качып чыгат, кийинчерээк видеодо полиция кызматкерлери пайда болот.

Баңгизат саткан адамдын түз эфири кийин YouTube каналына жарыяланып, аны 1,6 миллион адам көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0