Катар аны менен мамилесин үзгөн өлкөлөргө жооп кайтарды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКатар мамлекетинин борбору Доха шаары. Архив
Катар мамлекетинин борбору Доха шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравия башында турган Араб коалициясы Доханын Йемен операциясына катышуусуна бөгөт койгон.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Катар бир катар араб мамелкеттеринин койгон айыбын четке кагып, террорчулук менен экстремизмге каршы күрөштө өз милдетин так аткарып жатканын расмий кабарлады. Мындай билдирүүнү өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги таратты.

Праздничные мероприятия, посвященные 105-й годовщине со дня рождения Ким Ир Сена, в КНДР - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Корея акыркы эки аптада үчүнчү ракетасын учурду
Эскерте кетсек, буга чейин Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн, Сауд Аравиясы жана Египет Катар менен дипломатиялык мамилелерди токтотконун жар салган. Аталган мамлекеттер Катар "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" террордук топторун колдоп, араб өлкөлөрүнүн ички чарбасына кийлигишет деп кине коюуда.

Мындан тышкары, Сауд Аравия башында турган Араб коалициясы Доханын Йемен операциясына катышуусуна бөгөт койгон.

"Катар мамлекети Перс булуңунун араб өлкөлөрүнүн кызматташуу кеңешинин мүчөсү катары анын уставын сактап, башка мамлекеттердин суверенитетин урматтап, эч кимдин ички ишине кийлигишпейт. Муну менен бирге террорчулук менен экстремизмге каршы күрөштө өз милдетин так аткарып келет", — деп айтылат билдирүүдө.

Катар үч ири өлкөнүн диломатиялык мамилелерди үзүшүн алардын өз оюн жана эркин таңуулоо деп түшүнөрүн, "мындай аракеттин өзү суверенитетке доо кетирип жатканын" белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0