Дүйнөдөгү эң семиз бала арыктады

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Instagram пользователя ochaaca. Самый толстый в мире мальчик 11-летний житель Индонезии Арья Пермана
Снимок с социальной сети Instagram пользователя ochaaca. Самый толстый в мире мальчик 11-летний житель Индонезии Арья Пермана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арьянын салмагы өзү теңдүү беш баланын салмагына тете келип, араң кыймылдап келген.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң семиз бала Индонезиянын 11 жаштагы тургуну Арья Пермана ашказанына операция жасатып, 31 килограммга арыктаганын The Daily Mail жазып чыкты. 

Арья жарык дүйнөгө кадимки баладай болуп эле 3 килограмм 700 грамм салмак менен келип, эч кандай өзгөчөлүк байкалган эмес. Бирок беш жашынан тарта өтө тездик менен семире баштаган да 9га келгенде 127 килограмм, ал эми 11ге чыкканда 190 килограммга жеткен.

"Дүйнөдөгү эң семиз бала" деп аталган Арья индонезиялык дарыгерлердин көңүлүн бура баштаган. Адистер баланын өмүрүн сактап калуу үчүн ашказанын кесүү боюнча операция жасоо керектигин айтып, болбосо Арья инфаркт же инсульттан каза болорун белгилешкен.

Операция маалында ашказандын ачкачылыкты шарттаган гормон бөлүп чыгарган бөлүгүн кесип салуу каралган. Арья мындай операцияны башынан кечирген эң жаш байтап болуп калды. Бир айдын ичинде бала 31 килограмм салмак таштаган. Ушу тапта ал туура тамактанып, дене тарбия менен машыгып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0