Индияда төрт адам жапайы пилдин курмандыгы болду

© AFP / SIMON MAINAПил. Архив
Пил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапайы пил кол салган төрт адам, анын ичинде 12 жашар кыз ооруканадан көз жумган. Андан сырткары, эки адам жаракат алган.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Индиянын Тамилнад штатында жапайы пил адамдарга кол салып, жыйынтыгында төрт адам, анын ичинде 12 жаштагы кыз да каза болду. Бул тууралуу РИА Новости PTI агенттигине шилтеме берип кабарлады.

Террариум Московского зоопарка - Sputnik Кыргызстан
Иисусту туурайм деп сууга кирген чиркөө кызматкери крокодилдерге жем болду
Окуя жума күнү түн ичинде Веллалор районунда катталып, анда жапайы пил эл жашаган аймакка кирип келип уктап жаткан эки адамга кол салган. Анын ичинде 12 жаштагы кыз да бар болчу. Андан соң жапайы жандык талаадагы эки аялга да асылып, алардын баары ооруканага жаткырылганы менен дарыгерлер бейтаптардын өмүрүн сактап кала алган эмес.

Токойдон чыгып адам жашаган аймакка жакындаган жалгыз жүргөн пилди жергиликтүү эл шаршемби күнү эле байкаган.

Токой чарбачылыгы департаментинин кызматкерлери учурда жаныбарды дары сайып өлтүрүүгө аракет кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0