БУУ: жыл башынан бери Жер ортолук деңизинде 1700дөн ашык качкын каза болгон

© AFP / ARIS MESSINISДеңиз жээгиндеги качкындар. Архив
Деңиз жээгиндеги качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгондордун көпчүлүгүнүн сөөгү табылбай калган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жыл башынан бери Жер ортолук деңизинде 1700дөн ашык качкын, мигранттар каза болгон. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Билдирүүгө ылайык, деңизге чөгүп каза болгондордун көпчүлүгү Европага жетүүгө аракет кылган Түндүк Африка өлкөлөрүнүн тургундары болгон. Жыл башынан бери Европага аман-эсен жеткендердин саны 60 миңге жеткен.

Өткөн жумада болсо Судан, Египет жана Морокко өлкөлөрүнөн Италияга келе жаткан 9500 адам куткарылып, 50 адамдын сөөгү табылган. Сууга чөгүп көз жумгандардын арасында аялдар менен кичине балдар да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0