Канадада сүйүшкөн жуптар учуп бара жаткан шар бакка урунду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү21-я Международная встреча воздухоплавателей
21-я Международная встреча воздухоплавателей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйүшкөндөрдү алып бара жаткан учуучу шар бак-даракка урунуп, бирок учкуч экөөнү тең аман-эсен жерге алып түштү.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Канадалык жигит учуучу шарда бара жатып сүйүктүүсүнүн колун сурагандан кийин ал шар бактардын үстүнө кулап түшкөндүгү тууралуу Mashable порталына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эдмонтон шаарында болгон бул окуя видеого тартылып калган. Анда көрүнүп тургандай, катуу ылдамдыкта учуп бара жаткан шар бак-дарактарга урунуп, андан кийин учкуч аны жерге кондурат.

Снимок с социальной сети Twitter учетной записи The Star. - Sputnik Кыргызстан
Малайзиянын токоюнда жоголуп кеткен карыя бака менен тамактанып аман калды
Кийин белгилүү болгондой видеонун каармандары Кристин Питерс жана Стивен Мартин аттуу түгөйлөр экен.

Питерс WTOL 11 каналына берген маегинде ал көптөн бери учуучу шар менен асманга көтөрүлгүсү келип жүргөнүн, эми минтип жигити аны эки эселеп кубантканын айтып берди.

Ал эми Мартиндин айтымында, шардын кулашынан эч ким жабыр таркан эмес. Атургай бул "сейилдөөнүн" дал ушундай аякташы кыз-жигиттин маанайын ого бетер көтөргөнү белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0