Петербург: дарыгер ага кайрылган аялдын 22 соо тишин жулуп салды

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүТиш доктур. Архив
Тиш доктур. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиш дарыгердин кызматы үчүн аял бир миллиондон ашыгыраак акча төлөгөн.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Петербургдук тергөөчүлөр алдамчылык жол менен аялдын 22 соо тишин жулуп салган тиш доктурга кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында РИА Новости Санкт-Петербургдагы тергөө комитетинин маалыматына таянып кабарлады. 

Тергөөнүн материалдарына караганда, 2014-жылы аталган шаардагы менчик клиникалардын бирине дарыгер 43 жаштагы аялдын 22 соо тишин жулуп, жасалма тиш кийгизгени айтылат. Дарыгер кызматы үчүн бир миллиондон ашык сом (843 миң рубль) алган.

Маалыматта мындан сырткары, тергөө дарыгер буга окшогон башка кылмыштарды жасаган-жасабаганын текшерип жаткандыгы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0