Түндүк Корея акыркы эки аптада үчүнчү ракетасын учурду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПраздничные мероприятия, посвященные 105-й годовщине со дня рождения Ким Ир Сена, в КНДР
Праздничные мероприятия, посвященные 105-й годовщине со дня рождения Ким Ир Сена, в КНДР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ракета жалпысынан 450 чакырым аралыкка 100 чакырым бийикте учкан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Түндүк Корея дүйшөмбү күнү баллистикалык үчүнчү ракетасын учурду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Ага чейин аталган өлкө жекшемби күндөрү — 14 жана 21-майда да учурган.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Корея элдик армиясынын артиллериялык бөлүктөрүн кыдырып көрүп, аскерлерин биринчи эле команда берилгенде душмандын катыгын берүүгө даяр турууга чакырды - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Корея лидери аскерлерин "душмандын катыгын берүүгө даяр турууну" эскертти
Ракеталар Түндүк Кореянын чыгыш жээгиндеги Вонсан деп аталган районунун аймагынан абага көтөрүлгөн. Япониялык жана америкалык маалымат булактарынын айтымында, ал аба мейкиндигинде алты мүнөт учуп жүрүп, андан соң Япон деңизине кулап түшкөн.

Ал жер Япониянын экономикалык аймагы деп аталган Оки аралындагы Симанэ префектурасынын 300 жана Садо аралындагы Ниигата префектурасынан 500 чакырым аралыкта жайгашкан.

Ракета жалпысынан 450 чакырым аралыкка 100 чакырым бийикте учкан.

Түштүк Корея менен Япониянын аскерий адистери бул баллистикалык курал алыскы аралыкка уча турган "Скад" деп аталган ракета экендигин айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0