Россиялык банк дрон аркылуу акча ташууну сынап көрмөкчү

Жазылуу
Банк өкүлүнүн айтымында, сынамык долбоор жакынкы айларда иштеп баштайт.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Татарстанда быйыл жайдан баштап банк өз бөлүмдөрүнө акчаны дрон менен ташууну сынап көрөт. Бул тууралуу "Прайм" маалымат агенттиги билдирди.

Акча ташуу боюнча мындай ыкманы Сбербанк киргизүүнү пландап жатат.

Дрон накталай акчаларды ташый турганын банк башкармалыгынын жетекчи орун басары Станислав Кузнецов журналисттерге билдирген.

Ал алгачкы сынамык долбоор жакынкы айларда иштеп баштаарын баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0