АКШда Элвис Преслинин жеке учагы аукциондо 430 миң долларга сатылды

© © AP PhotoРок-н-ролдун падышасы атыккан атактуу ырчы Элвис Преслинин архидвик сүрөтү
Рок-н-ролдун падышасы атыккан атактуу ырчы Элвис Преслинин архидвик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөз 1962-жылы чыккан Lockheed Jetstar учагы тууралуу болуп жатат. Ага Элвиске чейин атасы Вернон Пресли ээлик кылган.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Рок-н-ролдун падышасы атыккан атактуу ырчы Элвис Преслинин жеке учагы Калифорнияда өткөн аукциондо 430 миң долларга сатылды. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттиги билдирди.

Адистер Преслинин учагы 2 миллион доллардан 3,5 миллион долларга чейин жетет деп болжолдошкон.

Кытай Эл республикасынын мурунку төрагасы Мао Цзедундун портрети - Sputnik Кыргызстан
Мао Цзэдундун портрети аукциондо 12,5 млн. долларга сатылды
​Эске салсак, сөз 1962-жылы чыккан Lockheed Jetstar учагы тууралуу болуп жатат. Ага Элвиске чейин атасы Вернон Пресли ээлик кылган. Учактын интерьерин Элвис өзүнүн табитине ылайыктап жасаткан. Ичи алтын түстөгү жыгач, креслолору кызыл баркыт менен каптатылган. Жерге болсо кызыл килем төшөлгөн.

Аукциондун уюштуруучулары учак толугу менен оңдоодон өтүшү керектигин айтып, анын кыймылдаткычы жок экенин билдиришкен. Учак 30 жылдан бери Нью-Мексикодогу аэродромдордун биринде токтоп турган.

Аны ким сатып алганы азырынча айтыла элек.

Элвис Пресли 1977-жылы 42 жашында каза болгон. Ага карабастан анын ырлары бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0