ЖМК: Мосулда аялдарга бетин жаап жүрүүгө тыюу салынды

© AFP / Odd ANDERSENПаранджа кийген аял. Архив
Паранджа кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери бетин жаап жүргөндөргө кол салуу тапшырмасын алганы айтылууда.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Ирак полициясы Мосулдун "Ислам мамлекети" террордук уюмунан бошотулган райондорундагы аялдарга бетин жаап жүрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости Sky News Arabia телеканалына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, учурда Мосулдун чыгыш бөлүгүнүн теңи АКШ башында турган аскер коалициясынын колдоосу менен иштеп жаткан өкмөттүк күчтөрдүн карамагында.

"Аялдар базарга же сыртка чыкканда бетин жаап жүрүүгө тыюу салынды. Анткени "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү аялдын кийимин кийип же бетин жаап жүргөн жай тургундардын баарына кол салуу буйругун алышкан", — деп жергиликтүү полиция жетекчиси Ватика аль-Хамдани билдирген.

Мындан сырткары, полиция башчысы жергиликтүү тургундарды тартип сакчылары менен кызматташып турууга чакырып, уюлдук телефондорго сим-карта саткандарга алуучулардан сөзсүз өздүгүн тактаган документтерин суроону сунуштады.

Эске салсак, Мосул аймагын террорчулардан тазалоо операциясын АКШ башында турган аскер коалициясы 2016-жылы октябрда баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0