Британиялык чалгын кызматы: өлкөдө 23 миң террорчу жүрөт

© REUTERS / Darren Staples Усиление безопасности в Манчестере после теракта
Усиление безопасности в Манчестере после теракта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын баскан-турганына 500гө чукул полиция байкатпай көз салып турат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Улуу Британиянын чалгын кызматы өлкөдө кооптуулук жаратат деген 23 миң "жихаддык террорчу" бар деп эсептейт. Бул туурасында РИА Новости Times гезитине таянып кабарлады.

Британиянын өкмөтүндөгү маалымат берген кишинин айтымында, үч миң адам кооптуулук жаратышы мүмкүн. Булар же тергөөдө, же алардын баскан-турганына 500гө чукул полиция кызматкерлери жана чалгын кызматы көз салып турат. Дагы 20 миңи "калган тобокелдиктерди" жасайт дегендердин тизмесине кирген.

Серия спланированных терактов в Париже - Sputnik Кыргызстан
Европада акыркы эки жылда болгон ири терактылар
Эскерте кетсек, 22-майдын кечинде "Манчестер Арена" комплексинде концерт учурунда жардырууну Салман Абеди аттуу жан кечти жасаган. Анын кесепетинен акыркы маалыматтарга карганда, 22 адам каза тапкан, анын 12си балдар.

Учурда ооруканаларга 66 адам жарадар болуп жатса, алардын ичинен 23ү оор абалда. Бул теракты боюнча "Ислам мамлекети" террордук уюму жоопкерчилик алган.

Манчестердеги теракты Улуу Британиядагы акыркы эки айдагы эң ири кырсык болду. Март айында Лондон шаарындагы жардыруу беш кишини өмүрүн алып кеткен. Террорчу Халид Масуд айдаган автоунаасы менен Вестминстерск көпүрөсүнүн аймагында адамдарды тебелетип, андан кийин полиция кызматкерин өлтүргөн. Жан кечтини ошол жерден Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин күзөт кызматкери жок кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0