Америкалык кыз унаасын уурулардан капотко жабышып жатып алып калды

Жазылуу
Видеону көргөн интернет колдонуучулардын айрымдары аны "акылы айнып калган го" десе, кээ бири кыздын "эр жүрөктүгүн" баалады.

Девушка прокатилась на капоте автомобиля в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Күбө: Бишкекте чак түштө кыз BMW унаасынын капотуна отуруп алып шаар аралады
Американын Висконсин штатынын тургуну Мелисса Смит унаасынын капотуна жабышып жатып, аны айдап кетүүгө аракет кылган уурулардан алып калды. Видеону РИА Новости жарыялады.

Окуя май куюучу жайдын видео көзөмөлүнө түшүп калган. Анда машинасына май куюп алайын деген кыз темир тулпардан түшөрү менен жашынып турган ууру дароо отуруп унааны айдап кетүүгө аракет кылган. Бирок буга жол бербеген Мелисса темир тулпарынын капотуна жабыша калып, каракчыны токтотууга аракет кылат. Иштен майнап чыкпай калганын сезген ууру унааны таштай качкан. Ал эми кыз жүрүп бараткан темир тулпарга отура калып токтоткон.

"Мен туура иш кылдым деп айта албайм, бирок өзүмдүн ички туюмума ишендим", —деди Смит.

Видеону көргөн интернет колдонуучулардын айрымдары аны "акылы айнып калган го" десе, кээ бири кыздын "эр жүрөктүгүн" баалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0