Кытай соту полициянын начальнигин өлүм жазасына тартты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКытай мамлекетинин полиция кызматкерлери. Архив
Кытай мамлекетинин полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай элдик жогорку прокуратурасы өткөн жылдын февралында аны адам өлтүрүүгө жана ок-дарыларын мыйзамсыз сактап жүргөн деп айыптаган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кытай соту Ички Монголия автономдук районундагы мурдагы полициянын начальниги жана саясий кеңешчи Чжао Липинди киши өлтүрүү жана коррупция беренелери боюнча күнөөлүү деп таап өлүм жазасына тартты. Бул туурасында Синьхуа агенттиги жазып чыкты.

Кытайда өлүм жазасына тартуу кантип ишке ашат. Учурдагы жана архивдик сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Кытайда өлүм жазасына тартуу кантип ишке ашат. Учурдагы жана архивдик сүрөттөр
Кытай элдик жогорку прокуратурасы өткөн жылдын февралында аны адам өлтүрүүгө жана ок-дарыларын мыйзамсыз сактап жүргөн деп айыптаган.

Шаньси провинциясынын Тайюань шаардык соту 2016-жылы ноябрда Чжао Липинди өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарган. Ошондой эле анын 2008-2010-жылдар аралыгында мыйзамсыз түрдө 23,7 миллион юань (3,5 миллион АКШ доллары) акча алганын аныктаган. Киийнчерээк анын ишин Кытай элдик жогорку соту карап, шаардык соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0