Трамптын Черногория премьерин ийинден жулка түртүп алдыга өткөн видеосу тарады

© AP Photo / Matt DunhamСаммит глав государств и правительств стран НАТО в Брюсселе
Саммит глав государств и правительств стран НАТО в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул окуя болгондон кийин АКШ президентинин дарегине түрдүү сын пикирлер айтылды. Ал эми Трамптын администрациясы болгон окуяга президент сүрөткө түшүү үчүн белгиленген эрежени гана сактады деп түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп алдыга өтүү үчүн Черногориянын премьер-министри Душко Марковичти ийинден жулкуп аны ыңгайсыз абалда калтырды. Окуя НАТОнун Брюсселдеги жаңы штаб-квартирасы менен таанышуу учурунда болгонун USA Today басылмасы билдирди. 

Брюсселде Түндүк Атлантика кеңешинин саммитинин алкагында НАТОнун жаңы штаб-квартирасынын ачылыш аземи да болгон. Жаңы курулуш жана штаб-квартираны көчүрүп келүүгө миллиард евро кеткени маалымдалууда.

​Күтүлбөгөн окуя НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг конокторду жана өлкө башчыларын жолугушуу жерине ээрчитип келе жатканда болгон. Трамптын Марковичти ийинден жулккан видеосу интернетте өтө тездик менен жайылып, АКШ президентинин дарегине бир катар сындар айтылып жатат.

Ак үйдүн расмий өкүлү Шон Спайсер окуя боюнча түшүндүрмө берип, Трамп чогуу сүрөткө түшүү үчүн белгиленген катарды гана сактаганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0