АКШда жардан кулаган адам шаарга төрт күндө жөргөлөп жеткен

© AFP / Brendan Smialowski Округ Западная Вирджиния. США
Округ Западная Вирджиния. США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардан кулаган адамдын буттары сынып, көкүрөгү жабыркаган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. АКШнын Огайо штатында жардан кулап жабыр тарткан адамды Тез жардам кызматы төрт күндөн кийин гана тапты. Бул тууралуу Fox News каналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Телеканалдын билдиргенине караганда, Жеральд Маскевич аттуу жаран бийик жардан кулаганда буттары сынып, көкүрөгүнөн жараат алган.

"Ал 18-май күнү кулаган. Медициналык жардамга муктаж Маскевич төрт күн бою жөргөлөп отуруп, 22-майда шаардын четиндеги клубдун аймагына жеткен", — деп айтылат макалада.

Учурда ал ооруканада.

Ал эми Куткаруу кызматынан Маскевичтин ажалы жок экенин айтышты. Анткени акыркы күндөрү региндо улам-улам жаан жаап, аба ырайы түнкүсүн бир топ эле суук болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0