Дем алыш күндөрү Москвада аба ырайы нөл градуска чейин төмөндөйт

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМайский снегопад в Москве
Майский снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Москвада абанын температурасы күндүзү 21...23 градус ысык, түнкүсүн 8...20 градуска чейин жылуу болуп жатат.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Москвада жума күндөн тартып аба ырайы кескин төмөндөйт. Жекшемби күнү абанын температурасы нөл градуска чейин түшөт. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Гидромет борборуна шилтеме берүү менен жазды.

"Жекшембиде аба ырайы түнкүсүн нөл градуска чейин төмөндөсө, күндүзү 8…13 градус жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Москвада абанын температурасы күндүзү 21…23 градус ысык болсо, түнкүсүн 8 градуска жылуу болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0