ТИМ: Манчестердеги терактыдан жабыркагандар арасында КР жарандары жок

© REUTERS / Peter NichollsТеракт в Манчестере
Теракт в Манчестере - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жанкечтинин жардыруусунан 22 киши каза болуп, 59у түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Англиянын Манчестер шаарындагы терактыдан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 22-майда кечинде "Манчестер Арена" комплексинде америкалык ырчы Ариана Гранденин концерти өтүп жатканда жардыруу болгон. Шаар полициясы терактыны жанкечти жасаганын билдирип, окуядан 22 киши каза болсо, 59 киши түрдүү жаракаттарды алган.

Шектүү катары 23 жаштагы киши кармалган. Бул жардырууну "Ислам мамлекети" террордук уюму жасаганын мойнуна алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0