АКШ тургуну Жеймс Кэмеронду "Титаниктин" сюжетин уурдаган деп айыптоодо

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүФотоколл с Джеймсом Кэмероном в Москве
Фотоколл с Джеймсом Кэмероном в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Титаник" тасмасы дүйнөлүк прокатта 2,18 миллиард доллар топтогон.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Американын Флорида штатынын жашоочусу Стивен Каммингс режиссер Жеймс Кэмеронду "Титаник" тасмасынын сюжетин уурдап алган деп айыптап жатканын The Daily Mail басылмасы жазды.

Премьера фильма Форсаж-8 - Sputnik Кыргызстан
"Форсаж-8" тасмасы бир жумада чогулткан каражат боюнча дүйнөлүк рекорд койду
Анын айтымында, режиссер Камингстин аталарынын башынан өткөн окуясын тасмага тартып койгон. "Титаник" менен саякатка чыккан жубайлар кырсыкка учурап, кеме кыйраганда аял аман калып, күйөөсү каза болот. Камингс ушул жерин достору менен сүйлөшүп отурганда режиссер угуп калган да, тасмага түшүргөн деп айып коюуда.

Эми ал режиссер Кэмерондон тасмадан чогулган каражаттын бир пайызын, тагыраак айтканда, 300 миллион доллар талап кылууда.

"Титаник" тасмасы дүйнөлүк прокатта 2,18 миллиард доллар топтогон. 11 "Оскар" алып, "Алтын глобус" номинациясына төрт, "Грэмми" сыйлыгына беш жолу ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0