Дүйнөдөгү качкындардын ал-абалы боюнча доклад жарык көрдү

© Sputnik / Ирина Калашникова / Медиабанкка өтүүКачкындар. Архив
Качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыктарынын айынан көчкөн жарандардын саны дагы арбын.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Түрдүү аскерий жаңжалдардан жана жаратылыш кырсыктарынан улам үйүн таштап кеткен кишилердин саны 2016-жылы 31,1 миллион кишиге жеткен. Бул тууралуу Качкындар боюнча норвегиялык кеңештин жаңы докладында айтылат.

Ситуация в Мосуле - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекетинин" чабуулунан Мосулду 370 миң жай тургун таштап кеткен
Мисалы, Конго мамлекетиндеги аскерий жаңжалдан улам 922 миң киши мекенин таштап кетүүгө аргасыз болсо, Сириядан 824 миң киши качкын болуп өлкөдөн чыгып кеткен. Алдыңкы үч мамлекеттин катарына Ирак дагы кирип, бул өлкөдөн 659 миң киши конуш которгон. Андан кийинки катарда Афганистан (653 миң киши), Нигерия (501 миң киши) жана Йемен (478 миң киши) турат.

Докладка ылайык, жаратылыш кырсыктарынын айынан көчкөн жарандардын саны дагы көп. Былтыр 24 милилон киши түрдүү табигый кырсыктарга тушукса, алардын жарымынан көбү башка жактарга чыгып кетүүгө мажбур болушкан. Бул рейтингде биринчи катарда Кытай 7,4 миллион киши менен турат. Андан кийин Филиппиндер (5,9 миллион киши), үчүнчү орунда Индия (2,4 миллион), төртүнчү сапты 1,2 миллион киши менен Индонезия ээлеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0