Дат баскан Рио Олимпиадасындагы медалдарды спортчулар артка кайтарышты

© AFP / CHRISTOPHE SIMONОлимпиадалык медаль. Архив
Олимпиадалык медаль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай нааразычылык менен алгачкы медалдар былтыр октябрь айында эле кайтарылган.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Рио-де-Жанейродо 2016-жылы өткөн Олимпиадада жеңишке жеткен жүздөн ашык спортчу алган медалдары дат басып жаткандыктан аны уюштуруучуларга кайтарды. Бул тууралуу Рейтер агенттиги мелдештердин расмий өкүлү Марио Андрадага таянуу менен билдирди.

Анын айтымында, сырткы көрүнүшү бузулган 130 медаль кайтарылган. Алардын көпчүлүгү коло медалдар.

"Медалдар туура сакталбагандыктан анын үстүнкү лак катмары бузулган. Дал ошол бузулган жерлерде дат жана так пайда болгон", — дейт Андрада.

Рио Олимпиадасындагы Кыргызстандын 19 спортчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайран каражат: олимпиадалык жолдомого канча акча кетти
Маалыматка ылайык, мындай нааразычылык менен алгачкы медалдар былтыр октябрь айында эле кайтарылган. Сыйлыктарды даярдагандар медалда пайда болгон тактарды тазалап ээлерине беребиз деп ишендиришүүдө.

2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн олимпиадада 2 448 медаль жасалган. Алардын ичинен 812 алтын, 812 күмүш жана 864 коло медаль болгон. Ар биринин салмагы 500 грамм. Алтын медалдарды жасоодо сымап кошулган эмес жана аны бети өтө дыкаттык менен чегилген. Ал эми күмүш жана коло медалдарды жасоодо курамына 30 пайыз кайра иштетилген металл колдонулган. 

Белгилей кетсек, олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу спорттун сегиз түрү (бокс, дзюдо, сууда сүзүү, эркин жана кыз-келиндердин күрөшү, грек-рим күрөшү, оор атлетика, жеңил атлетика) боюнча катышкан. Алардын ичинен бир гана Иззат Артыков оор атлетика боюнча коло медалга ээ болгон. Анткен менен спортчунун канынан допинг табылды делип, аны медалынан ажыратышкан

Жаңылыктар түрмөгү
0