06:19 27 Кулжа 2017
Түз эфир
Ирандын азыркы лидери Хасан Роухани шайлоо учурунда

ЖМК: Ирандагы президенттик шайлоодо Роухани алдыда келе жатат

© REUTERS / HANDOUT
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
38 0 0

Президенттик шайлоого төрт талапкер катышкан. Алар: учурдагы президент Хасан Роухани, аятолла Ибрахим Раиси, мурдагы вице-президент Мостафа Хашеми-Таба жана консерваторлордун атынан талапкер болгон Мостафа Ага-Мирсалим.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ирандын азыркы лидери Хасан Роухани 37 миллион шайлоочунун добуштары саналып, анын жыйынтыгы менен алдыда келе жатат. Бул тууралуу Рейтер агенттиги өзүнүн ишенимдүү булактарына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, 40 миллион добуштун 37 миллиону саналып, алардын ичинен 21,6 миллион шайлоочу добушун Роуханиге берген. Андан кийинки орунда аятолло Ибрахим Раиси — 14 миллион добуш менен келе жатат.

Ишенимдүү булак Рейтерге "бардыгы бүттү, Роухани жеңишке жетти" — деп маалымат берген. Ал ошондой эле дагы 4 миллион добуш саналышы керектигин айткан.

Иранда президенттик шайлоо жума күнү өткөн. Ал жакта президенттик шайлоо менен катар эле шаардык кеңешке жана парламентке дагы шайлоо болгон. Иранда 56 миллион кишинин добуш берүү укугу бар.

Президенттик шайлоого төрт талапкер катышкан. Алар: учурдагы президент Хасан Роухани, аятолла Ибрахим Раиси, мурдагы вице-президент Мостафа Хашеми-Таба жана консерваторлордун атынан талапкер болгон Мостафа Ага-Мирсалим.

Тема боюнча

Мун Чжэ Ин Түштүк Кореянын жаңы президенти болду
Францияны 39 жаштагы эң жаш президент башкарат
Белгилер:
президент, шайлоо, Хасан Роухани, Иран

ЭҢ МААНИЛҮҮ