12:03 24 Бугу 2017
Түз эфир
Мексика полиция кызматкери. Архивдик сүрөт

Мексикада үч кылмышкер 29 полицияны тоноп кетти

© AFP / HECTOR GUERRERO
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
142 0 0

Полиция кызматкерлеринин эч кимисинде курал-жарак болгон эмес. Кол салгандар аларга тапанча такап, кол саатын, чөнтөк телефонун жана баштыктарын алып кетишкен.

БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Мексикада куралчан үч адам Акапулько шаарынан Мехикого келе жаткан 29 полиция кызматкерин тоноп кетти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Universal басылмасына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Акапулько шаарынын федералдык полиция кызматкерлери дүйшөмбү күнү кечинде Мехикого туристтик автобус менен келе жатышкан. Алардын эч кимисинин жанында курал-жарак болгон эмес.

Жолдон автобус бузулуп, айдоочу унааны токтотууга аргасыз болгон. Бул учурду кылмышкерлер колдонуп полиция кызматкерлерине курал такап, алардын кол саатын, чөнтөк телефонун жана баштыктарын алып кетишкен.

Окуядан полиция кызматкерлери жабыркаган эмес. Коопсуздук боюнча улуттук комиссия кол салгандарга карата иликтөө иштерин жүргүзөт.

Тема боюнча

Адам тоноп, май куючу жайдагы аялга тапанча такаган беткапчан балдар кармалды
Май куючу жайдын кызматкерин өлтүрүүгө шектелген жаран окуянын чоо-жайын айтып берген
Белгилер:
тоноо, кол салуу, полиция, Мексика

ЭҢ МААНИЛҮҮ