Нью-Йорктун Тайм-сквер аянтында машина кишилерди сүзүп, бирөө каза болду

© REUTERS / Mike Segar Наезд на пешеходов на Таймс-сквер в Нью-Йорке
Наезд на пешеходов на Таймс-сквер в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында, катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунаа тротуарда кетип бараткан кишилерди атайылап сүзгөн.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Нью-Йорктун Тайм-сквер аянтында машина кишилерди сүзүп, алдын ала маалымат боюнча кырсыктан бир киши каза болсо, ондой киши түрдүү жаракаттарды алганын РИА Новости агенттиги Рейтерге таянуу менен билдирди.

​Шаардык өрт өчүрүү кызматынын маалыматына ылайык, жаракат алгандардын саны 13төн кем эмес.

​Кырсык Тайм-сквер аянтында болгон. Күбөнүн айтымында, катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунаа тротуарда кетип бараткан кишилерди атайылап сүзгөн. Ал ошондой эле Тез жардам кызматы кеминде эле жети кишини кырсык болгон жерден алып кеткенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0