Путин Франциянын жаңы президенти Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКандидат в президенты РФ В. Путин посещает избирательный штаб
Кандидат в президенты РФ В. Путин посещает избирательный штаб - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчылары терроризмге каршы биргеликте күрөшүү керектигин баса белгилешкен.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Франциянын жаңы шайланган президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, алар дүйнөнүн күн тартибинде турган актуалдуу маселелер боюнча биргеликте иштеп, достук мамилени чыңдоого даяр экендиктерин билдиришкен.

"Салтка айланып калган француз-орус достугун чыңдап, саясий, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда биргеликте иш алып баруу боюнча пикир алышты", — деп айтылат Кремлдин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле мамлекет башчылары терроризмге каршы биргеликте күрөшүү керектигин баса белгилешкен.

Франциянын жаңы шайланган президенти Эммануэль Макрон кызматка 14-майдан тарта киришкен. Макрон 7-майда болгон президенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0