РФ: депутаттар операция учурунда аны видеого тартып калуу демилгесин көтөрдү

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүДарыгерлер операция учурунда. Архив
Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, бир жылда дарыгерлер бейтаптардын ичинде 3 миңге жакын предметтерди унутуп, калтырып салган учурлар кездешкен.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Россияда операция жасалып жаткан учурда аны видеого тартып калууга милдеттендирүү каралууда. Бул туурасында РИА Новости "Парламенттик газетанын" сайтына шилтеме кылып жазды. 

Жаңы төрөлгөн ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда кыргыз аял беш жолу жасалма уруктандыруу жасатып, алтынчысында төрөдү
Бул демилгени Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары көтөрүп чыкты.

Алардын бири "Справедливая Россия" фракциясынын төрагасынын орун басары Олег Нилов бул кадам медиктердин операция учурунда наркозду мыйзамсыз берип салып жаткан учурларынын көбөйүшүнөн улам жаралганын айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, жыл ичинде дарыгерлер бейтаптардын ичине 3 миңге жакын предметтерди унутуп, калтырып салган учурлар кездешкен.

"Алардын эмне болуп жаткандыгын видеого тартып алууга оорулуулардын укугу бар. Наркоз учурунда алардын жакындары жанында турбайт да ", — деп айткан депутат.

Мыйзам долбоору Саламаттык сактоо комитетинде бүгүн каралмакчы.

Депутат өкмөт аталган демилгеге каражаттын аздыгына шылтоолоп терс жообун бергендигин кошумчалады. Нилов мындай учурда эң ириде бейтаптар менен алардын туугандарынын укугун эске алуу зарылдыгын кошумчалады.

Анын айтымында, бир катар өлкөлөрдүн ооруканаларында операция учурун тартып турган видеокамералар орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0