БИШКЕК, 18-май — Sputnik. BBC телеканалынын алып баруучусу Бен Браун түз эфирди үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган аялды түрткөн маалда колу төшүнө тийген. Күтүлбөгөн окуя YouTube сайтына жарыяланганын РИА Новости билдирди.
Браун Брадфорд шаарынан BBC телеканалынын саясий журналисти Норман Смиттен маек алып жаткан учурда бейтааныш кыз камеранын алдына келип, "фантастика" деп кыйкырган.
Анын мындай кылыгына маани бербеген алып баруучу аны түрткөндө колу көкүрөгүнө тийип кеткен. Жини келген кыз Браунду ийинден ары бир чаап, ары басып кеткен.
Журналисттин бул аракети социалыдк тармактарда бир топ пикирлерди жаратып, Браун бул кылыгы үчүн өзүнүн Twitter баракчасына "бардыгы кокусунан болуп кетти" деп кечирим сураган.