Дүйнөдөгү эң кымбат жер тилкеси Гонконгдогу аукциондо сатылды

© REUTERS / Bobby YipГорода мира. Гонконг
Города мира. Гонконг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сатылган жер тилкесинде учурда беш кабаттуу унаа токтотуучу жай бар.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Гонконгдогу аукциондо дүйнөдөгү эң кымбат жер тилкеси 3 миллиард долларга сатылды. Бул ушу тапта рекорддук сумма экенин РИА Новости агенттиги билдирди.

Церемония закладки капсулы на месте строительства школы в Оше - Sputnik Кыргызстан
Оштун калк көп жашаган аймагына мектеп курула баштады
Кытайдын South China Morning Post гезитинин жазганы боюнча жер тилкеси Гонконгдун чок ортосунда жайгашкан. Аталган аймактагы жер тилкелери эң кымбат деп саналып, анын баасын эксперттер 2 миллиарддан 2,8 миллиард долларга чейин деп баалашкан. Henderson Land кыймылсыз мүлк компаниясы сунуштаган баа эксперттердин божомолунан да ашып түштү.

Аукционго жалпысынан тогуз компания катышкан. Сатылган жер тилкесинде учурда беш кабаттуу унаа токтотуучу жай бар. Henderson компаниясы аны бузуп, 2022-жылга карата белгилүү боло турчу имарат курууну пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0