ММА мушкери төрт секундда атаандашын башка тээп сулатты

Жазылуу
Оюнга көз салган калыс башталып үлгүрө элек мушташты токтотууга аргасыз болгон.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Америкалык мушкер Жордан Фаулер ММА мушташынын тарыхында атаандашын эң тез нокаутка чапкан спортчу катары калды. Бул тууралуу MMA Figthing порталы билдирди.

Pyramid Fights 2 турниринин алкагында АКШнын Арканзас штатында Жордан Фаулер менен Дилан Гофорт беттешти. Фаулер оюндун алкачкы эле мүнөттөрүндө атаандашын эстен тандыра тепкен. Башка тийген катуу соккудан улам Гофорт жерге кулап, калыс беттешти төртүнчү секундда эле токтотууга аргасыз болду.

"Мушкерлердин беттешти башталбай жатып эле аяктады", — деп жазат аталган портал.

Буга чейин Фаулерд төрт жолу атаандашын утуп, жети жолу утулган. Ал эми Гофорт эки жолу жеңишке жетип, бир жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0